Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Кытай Кыргызстанга машина-трактор заводун курат


Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаковдун бүгүн маалымат жыйында билдиргенине караганда, Кытай Кыргызстанга машина-трактор зоводун жана жер семирткич чыгарган ишкана курууга даяр. Андан сырткары пахтаны кайра иштетүүчү жана жеңил өнөр жай ишканасын ачуу пландалууда.

Исаковдун айтымында, буга байланыштуу эки тараптуу меморандумга кол коюлду. Бул үчүн Кытай тарап жакын арада өзүнүн инвесторлорун жөнөтөт. Президент Алмазбек Атамбаев бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бардык жол-жоболорун иштеп чыгууну өкмөткө тапшырды.

Алмазбек Атамбаев 1-сентябрда Үрүмчүдө “Кытай-Евразия-2012” көргөзмө-жарманкесине катышып, анын алкагында бир катар жетекчилер менен жолугуп кайтты.(КЕ)

XS
SM
MD
LG