Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

Кыргыз-кытай темир жолу тууралуу макулдашуу эмки жазда болот


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемелери тууралуу макулдашуулар келерки жылдын апрелинде аяктайт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаевдин Үрүмчү шаарына жасаган иш сапарынын алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору тууралуу эки тараптык сүйлөшүүлөр жүрдү. Кытай тарап аталган долбоордун экономикалык-техникалык негиздемелерин иликтөөнү эртерек аяктоо керектигин сунуштады. Кийинки жылы долбоордун техникалык жана каржылык маселелери боюнча сүйлөшүүлөр башталат.

Кыргызстан эл аралык донорлорго темир жол боюнча өзүнүн долбоорун сунуштаган. Анда жолду эл жашаган аймактар аркылуу алып өтүп, тоолорду тешүүнү, көпүрөлөрдү курууну азайтуу каралган.

Темир жолдун болжолдуу баасы 2 миллиард доллар деп бааланууда. Бийликтер жолду 2018-жылга чейин куруп бүткөрүүнү пландаштырып жатат. Маалыматка ылайык, жол курула баштаса, кеминде 10 миңдей жумушчу орун түзүлмөкчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG