Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Ооганстанга Кыргызстандын өкүлчүлүгү ачылышы мүмкүн


Келечекте Ооганстанга Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу керектигин бүгүн Алмазбек Атамбаев Бириккен улуттар уюмунун Ооганстан боюнча өкүлү Ян Кубишти кабыл алган учурда билдирди. Атамбаев Ооганстандын Кичи жан Чоң Памиринде этникалык кыргыздар жашай турганын белгилеп, аларга жардам көрсөтүүнүн жолдорун талкуулашты. Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, эки тарап аймактык коопсуздук, маңзат аткезчилиги менен күрөшүү жана Ооганстанга көмөк көрсөтүү жаатында биргелешип иштешүү багытында сүйлөштү. Мындан сырткары тараптар Кыргызстан, Ооганстан, Тажикстан жана Пакистан катышып жаткан CASA-1000 долбоорунун маанилүүлүгүн белгилешти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG