Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

Б.Клинтон: Эч кимдин колунан келбегенди Обама жасады


АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон (оңдо) жана демократтардын президенттикке талапкери Барак Обама, 5-сентябрь, 2012
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон (оңдо) жана демократтардын президенттикке талапкери Барак Обама, 5-сентябрь, 2012

Бүгүн АКШда Демократиялык партиянын курултайында анын атынан шайлоодо расмий талапкер Барак Обама сүйлөмөкчү. Кечээ курултайда АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон сүйлөп, америкалыктарды Обаманы президенттик дагы бир мөөнөт үчүн колдоого чакырды.

Демократиялык партиянын Түндүк Каролинадагы курултайында миллиондогон элге кайрылып, мурдагы президент Билл Клинтон алдыдагы шайлоодо дагы бир жолу азыркы президент Барак Обаманы колдоого чакырды.

Клинтон курултайдын экинчи, акыркы күнүндө сүйлөп жатып, ал президенттин саясатын толук колдой турганын айтты.

Кайра эле "Америка кыялы" жөнүндө

"Президент Обаманын багыты 21-кылымдагы Америка кыялы кандай болушу керектигин, анын баалуулуктары менен идеяларын камтыйт. Бул - мүмкүнчүлүктөргө бирдей эгедер, жоопкерчиликти бирге бөлүшкөн, байлыкка да бирдей укуктуу улут дегенди билдирет", - деди ал.

Клинтон чогулган демократтарга кайрылып, Обама “баарыбызды кайра бутка туруунун узак жолунда алып баратат, мурдагыдан да алдыңкы, мыкты баланстуу экономика куруу жолуна багыттап жатат” деди.

Анын ишениминде, Барак Обамага азырга чейин республикачылар бийликте кетирген каталарды оңдоого туура келүүдө.

"Обама республикачылардан калган башаламандыкты төрт эле жылда оңдой алды, - деди Клинтон. - Мындайга бир да президент, мен дагы, мага чейинкилер да, жетише алган эмеспиз".

Оңдолгон вариант

Бул билдирүүдөн кийин Демократиялык партия Барак Обаманы 6-ноябрда өтө турган шайлоодо ат салышчу талапкери катары жарыялады. Обама шайлоодо Республикалык партиянын атынан чыккан талапкер, Массачусетстин мурдагы губернатору Митт Ромни менен таймашат.

Азырынча эл пикирин билиш үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, Обама Ромниден бир аз гана алдыда келатат.

Шаршембиде демократтар өздөрүнүн саясий платформасын өзгөртүп, анда Кудайга шилтемени жана Иерусалимди Израилдин борбору деп көрсөткөн сүйлөмдөрдү кайрадан кошушту. Дал ошол жагдайлар буга чейин эске алынбаганын республикачылар катуу сындашкан эле.

Демократтар курултайдын акыркы күнү үчүн Шарлотт шаарында 74 миң орундуу стадионду ижарага алышкан. Алар килейген бул жайда бир да бош орун болбойт деп ишендиришкен. Бирок синоптиктер бул күнү шаарда күн күркүрөп, чагылган болоорун эскертип жатышат. Ошондуктан уюштуруучулар Обама талапкерликти расмий кабыл ала турган иш-чараны стадиондон 15 миң орундуу аренага которушту.

Муну заматта республикачылар “Обаманы колдогондордун саны аз” дегендей таризде комментарийлер башташты. Буга жооп катары демократтар Ромнини “байлыгы ашып-ташкан миллионер бизнесмен" деп, "андай адам карапайым америкалыктардын аракетин түшүнмөк беле” дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG