Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

УКМКнын маалымат бөлүмү журналисттерди куттуктады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү Кыргызстандын журналисттерин бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Журналисттердин эл аралык тилектештик күнүнө арналган куттуктоо катта мындай деп айтылган:

“Жумушуңуздарда кызыктуу жаңылыктардын болушун, курч калем, жакшы, акылдуу, жардамга дилгир маалымат берүүчүлөрдү жана макалаңыздардын өтө аз редакцияланышын тилейбиз. Ден соолук, сүйүү, тынчтык, жакшылык, жакындарыңыз менен пикир табышууну жана чыныгы досторду каалайбыз”.

Шериктештик күнүнө карата УКМКнын аталган бөлүмү америкалык саясатчы Даниэл Уэбстердин “Адамдар жалгыз аткара албаганын бирге жасайт: акыл менен колдун биригүүсүндөгү күч дээрлик бардык нерсени жеңе алат” деген цитатасын келтирген.(AKu)

XS
SM
MD
LG