Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Хашими өлүм жазасына буйрулушун айыптады


Түркияга качып кеткен Ирактын мурдагы вице-президенти Тарик ал-Хашими өзүн асуу жолу менен өлүм жазасына тартуу тууралуу сот чечимин «эки жүздүүлүк» катары баалады. Хашими өз коопусуздугу жана акыйкат сот иши кепилденмейинче, мекенине кайта албастыгын бышыктады. Ирактын автономдуу Курдистан аймагы аркылуу Түркияга качып кеткен Хашимини Ирак соту жекшемби күнү өлүм жазасына тартууга буйруган.

Бул күнү аз дегенде 88 адамдын өмүрүн алган катарлаш чабуулдар үчүн жоопкерчиликти Ал-Каида менен алакасы бар топ өзүнө алды. Хашиминин 13 сакчысына каршы камакка алуу буйругу былтыр декабрда чыккан эле.

XS
SM
MD
LG