Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

Видеокөзөмөл орнотчу компания менен келишим түзүлдү


Кыргызстандын чоң шаарларын жана унаа жолдорду көзөмөлдөөчү видеокамераларды орното турган компания менен келишим түзүлдү. Тендерди утуп алган Beijing Construction Engineering Group International Co. LTD компаниясы менен келишимге Ички иштер министрлиги 12-сентябрда кол койду. Компания Бишкек, Ош шаарларына жана Бишкек-Каракол жолуна видео, сүрөт тарткан аппараттарды орнотот, мыйзам бузууну каттаган бирдиктүү электрондук борборду түзөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

25-июлда өткөн тендерге жалпысынан 16 компания арыз берип, бешөө катышкан. Алардын ичинен аталган кытайлык ишкана талаптарга толук жооп берет деп табылды.

Жолдорго видеокөзөмөл орнотуу Ички иштер министрлигин реформалоонун жана “Коопсуз шаар” программасынын алкагында жүрүп жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG