Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:12

"Путинсиз Орусия"


Москвадагы "Миллиондор маршы", 15-сентябрь, 2012
Москвадагы "Миллиондор маршы", 15-сентябрь, 2012

Москвада ишембиде оппозициянын “Миллиондор маршына” миңдеген эл чогулду. Алар президент Владимир Путинге жана өкмөттүн репрессиясына каршы экендиктерин айтып жатышты.

Орус оппозициясынын акыркы үч айдан берки алгачкы айтылуу “Миллиондор маршына” бул ирет либералдар менен кошо улутчулдар, ошол эле маалда антифашисттик кыймылдын өкүлдөрү, солчулдар жана кумсалар чыгышты.

Алардын көпчүлүгү “Путинсиз Орусия!” деген өңдүү плакаттарды көтөрүп алышкан.

Активист жана коррупция менен күрөшкөн блоггер Алексей Навальный чогулган элге кайрылып, маршты “ар бирибиздин жеке согушубуз” деп атады. Элди нааразылык кыймылынан кетпөөгө, акыйкаттык үчүн күрөштү токтотпоого чакырды.

"Сырттан караганда биз колго илинбеген эле “эркиндик”, “теңдик”, “ар-намыс” деген өңдүү түшүнүксүз нерселер үчүн күрөшүп жаткандай көрүнөт. Бирок биз бул түшүнүктөргө аларсыз жашай албай тургандай мамиле кылышыбыз керек", - деди Навальный.

Алексей Навальный
Алексей Навальный
Бийликтер бул күнкү жыйынга 25 миңден ашык эл чогулбасын деп көрсөтмө беришкен, бирок чынында канча адам маршка келгени түшүнүксүз. Алардын саны чектен аштыбы, жокпу – азырынча так айтыша элек.

Жыйын жалпысынан тынч өттү. Алгач Пушкин аянтынан башталып, кийин Сахаров проспектисине чейин уланды. Чогулган элдин жүрүшүнө жети миңдей полиция кызматкерлери көз салып турушту.

Демонстранттардын алдына чыгып сүйлөгөндөрдүн бири “Солчул фронт” кыймылынын лидери Сергей Удальцов азырга чейин бийликтер оппозиция менен сүйлөшүүгө аракет кыла электигине токтолду.

Путин жакында сейрек кездешчү куштардын коштоосунда асманга учканын эске салып, “президент жердеги жашоодон өтө эле алыстап кетти” деди ал.

"Президент реалдуу турмуштан алыстап кетти. Ал асманда турналар менен учуп жүрөт, жердеги элине түкүрүп да койбойт", - деди Удальцов.

Сергей Удальцов
Сергей Удальцов
Орусияда быйыл мартта президенттик шайлоонун алдынан оппозициянын маршына 100 миңден ашуун адам келген. Андан бери оппозициянын демонстрацияларында элдин саны бир топ эле кыскарды. Айрымдар бул күнү оппозициянын натыйжасыз аракеттеринен көңүлү калганын да жашырышкан жок.

Анын үстүнө, Кремль элдин активдүүлүгүн тыйыш үчүн түрдүү аракеттерди көрдү, оппозициянын канчалаган колдоочуларын, айрым мүчөлөрүн камады. Алардын ичинде өзгөчө камакта атагы чыккан Pussy Riot музыкалык тобу бар. Үч кыздан турган бул топ Москвадагы Ыйса куткаруучунун чиркөөсүнө кирип, Путинге каршы ырдашканы үчүн жакында эки жылга түрмөгө кесилишкен.

Соңку митингдин алдынан ишембиде Vkontakte социалдык түйүнүндөгү “Pussy Riot тобуна эркиндик” деп аталган баракчага чабуул болуп, адамдар ага кире албай калышкан. Адатта Орусияда оппозициянын ири демонстрациялары алдында ушундай болуп жүргөнү белгилүү.

Ишембидеги демонстрацияда Навальный, Удальцов, Борис Немцов өңдүү лидерлер сүйлөп бүтөөрү менен эле элдин саны да кескин кыскарып кетти.

Бирок кечке чейин улам эркиндик тууралуу түрдүү ырлар жаңырып турду.

Оппозициянын митингдери ошол эле күнү Санкт-Петербург, Екатеринбург, Нижний Новгород өңдүү бир катар шаарларында да болду. Уфа, Барнаул жана Нижний Новгороддо айрым демонстранттар камалганы тууралуу да айтылды.

Эми оппозиция келерки митингин октябрда өткөрүүнү пландап жатат.

Президент Владимир Путиндин расмий өкүлү айткандай, мамлекет башчы Сочиде беларус президенти Александр Лукашенко менен сүйлөшүүлөрдө жүргөндүктөн, оппозициянын маршын көргөнгө убактысы деле болгон жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG