Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Европанын беш тышкы иштер министри Грузияга келет


Болгария, Латвия, Литва, Чехия жана Румыния тышкы иштер министрлеринин Тбилисиде бүгүн башталуучу сапарынын максаты - өлкөнүн 1-октябрга мерчемделген парламенттик шайлоого даярдыгын баалоо жана реформаларга колдоо көргөзүү. Бул тууралуу Болгариянын тышкы иштер министрлиги билдирди.

Келерки айдагы шайлоодо президент Михаил Саакашвилинин башкаруучу партиясы бийликке келген 2003-жылдан бери оппозициянын эң катуу атаандаштыгына туш болору күтүлүүдө.

Саакашвилинин партиясына миллиардер Бидзина Иванишвилинин “Грузия кыялы” деп аталган оппозициячыл кыймылы каршы чыгууда.

НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен өткөн аптада алдыдагы шайлоону Грузиянын демократиясы үчүн чоң сыноо катары мүнөздөгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG