Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Пентагон башчысы Кытай менен Жапонияны сабырдуулукка чакырды


Шейшембиде Бээжинге барган АКШ коргоо министри Леон Панетта Кытай менен Жапонияны сабырдуулукка чакырды. Акыркы күндөрү эки өлкөнүн аралдар боюнча талашы күчөп, ортодогу мамилелер кескин начарлап кеткен. Панеттанын айтымында, "каталарды алдын алуу" үчүн эки өкмөт ортосундагы диалогду активдештирүү зарыл.

Бүгүн да Кытайдын жүздөгөн шаарында Жапонияга каршы акциялар өттү. Ошол эле күнү жапониялык эки активист аралдардын бирине кыска мөөнөткө учагын кондурушту. Өткөн жумада Токио жеке адамдан Сенкаку аралдарын сатып алганын жарыялаган. Кытайда аны Дяоютай деп аташат.

Панеттанын сапарынын жүрүшүндө ошондой эле АКШ менен Кытайдын алакалары талкууланды.

XS
SM
MD
LG