Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Ооганстандагы чабуулда кыргызстандык мерт кетти


Бир нече мусулман өлкөлөрүндө АКШлык жеке продюсер тарткан “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына каршы акциялар уланууда.

АКШга каршы ураандар коштолгон акциялар Ооганстанда, Ливияда, Индонезияда, Египетте жана Пакистанда басаңдай элек. Бүгүн Ооганстандын борбору Кабулда жаалданган демонстранттар АКШ президенти Барак Обаманын сүрөтүн өрттөп, полицияга да каршылык көрсөтүштү.

Ушул эле күнү таң эртелеп Кабулдун эл аралык аэропортунун жанында тасма үчүн өч алууну көздөгөн жанкечти машинени жардырып, 12 киши мерт кетти. Кабул полициясынын башчысы Аюб Саланги буларды айтты:

- Чакан автобустун жанында бараткан "Тойота Королла" үлгүсүндөгү машине жарылып, автобустагы чет элдиктердин баары набыт болду. Бул автобус авиакомпанияга тиешелүү болчу.

"Хезб-и-Ислами" козголоңчулар тобу мойнуна алган бул кол салуудан набыт болгондордун бири Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Орусиянын Кабулдагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Степан Аникеев бул маалыматты тастыктады:

- Чабуулдан Кыргызстандын бир жараны, Түштүк Африканын 7 жараны жана оогандык эки киши – айдоочу менен тилмеч набыт болду. Орус жарандарынын өлүмү тууралуу эл аралык маалымат каражаттарында пайда болгон кабар тастыкталган жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча бул кабардын чын бышыгын текшерип жатышканын маалымдашты. Ооган полициясынын маалыматы боюнча, набыт болгондордун баары учкучтар болчу. Президент Хамид Карзай бул кол салууну "адамзаттын душмандары" жасаганын айтып, набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Ооганстандын күч органдары “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасына каршылык билдирип көчөгө чыккандар полицияга баш бербей, таш бараңга ала баштаганда тараптар ортосунда кагылыш болгонун, эки жактан тең жараат алгандар бар экенин билдирди.

Кечээ Пакистанда да полиция менен кагылышта бир демонстрант набыт болгон эле. Бүгүн Пакистан бийликтери “Бейкүнөө мусулмандар” тасмасынын үзүндүсү жайгашкан YouTube сайтын өлкөдө жаап, аталган видео алынмайынча бул сайт ачылбай турганын белгиледи. Дал ушул тасманын айынан бул сайт Орусияда да жабылышы мүмкүн болуп турат.

Ал ортодо БУУнун Ливиядагы өкүлү Мэн Мартин кызматын тапшырып жатып, АКШнын Бенгазидеги консулдугуна кол салуу жана соңку күндөрү тынчыбай жаткан акциялар Ливия бийлигине кагылган коңгуроо деп айтты:

- Менимче АКШ консулдугуна болгон кол салуу жана элчи Стивенстин өлүмүнөн кийин Ливия бийлиги ойлонушу керек: өлкөдө коопсуздук чаралары жетиштүү деңгээлде көрүлгөнбү? Бул Ливиянын жаңы бийлигинин алдында турган чоң жоопкерчилик, бул боюнча БУУ ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр.

Ондогон мусулман өлкөлөрүндөгү нааразылык толкунуна себеп болгон тасманын 14 мүнөттүк гана трейлерин интернетке Сэм Басил деген ысым жайгаштырган. Анда Мухаммед пайгамбар кем акыл катары сыпатталат. Бирок азыр Сэм Басил деген адам жок экени, ал болгону жалган ысым экени айтылууда.


Жанкечти 12 кишини өлтүрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:32 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG