Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

ЖК фракциялары билим берүү тармагын каржылоо маселесин талкуулашат


“Республика” фракциясы бүгүн Кыргызстандын билим берүү тармагына киргизилип жаткан “жан башына каржылоо” системасынын оош-кыйыштарын талкуулайт. Депутаттарга билим берүү жана илим министринин орун басары маалымат берет. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы өз жыйынында быйылкы жылы башталгыч класстардын окуучуларына тамак берүүнүн токтотулуусуна байланыштуу маселени карайт.

Фракция жыйынына билим берүү жана илим министри Канат Садыков чакырылган.
Билим берүү тармагына “жан башына каржылоо” системасын киргизүү демилгесин Каржы министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги көтөргөн. Бул система 2004-жылдан бери айрым мектептерде пилоттук ыкма катары киргизилип, бирок өзүн актабаганын жарандык коом өкүлдөрү айтып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG