Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:08

Бүгүн Кыргызстанда Кан донорлорунун күнү


Буга байланыштуу иш-чара бүгүн Бишкектеги Тарых музейинде өтөт. Бардык каалоочулар келип кан тапшырса болот деп маалымдады Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Иш-чарага ардактуу донорлор, медицина кызматкерлери жана студенттер катышат. Кан тапшыргандарга азык-түлүк жана белектер берилет.

Муктаж болгон оорулууларга кан куюу талабын канааттандыруу үчүн Кыргызстанда жыл сайын миң кишинин 40-50сү кан тапшырып турушу керек. "Акыркы жылы кан тапшырууну каалагандардын саны кескин азайып кетти" деп маалымдайт Саламаттыкты сактоо министрлиги. Бүгүнкү күнү жылына миң кишинин беш-алтоо гана кан тапшырат. 2008-жылы “Манас” аэропортунда учак кулаганда, Нура айылында жер титирегенде жабыркагандарга кан жеткирүү чоң кыйынчылык болгон.

Өткөн айда Кыргызстанда кан жетишсиздиги болуп, аскер кызматкерлери жана башка каалоочулар кан беришкен.

21-сентябрь Кан донорлорунун күнү катары Кыргызстанда 1997-жылдан бери белгиленип келе жатат. (ZKo)
XS
SM
MD
LG