Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Сауд Аравияда саясий туткундарды бошотууну талап кылган акциялар өттү


Өлкө борбору Эр-Риядга жакын жайгашкан Кассим түрмөсүнө ондогон адамдар түрмөдөгү жакындарын бошотуу талабы менен нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар өлкөнүн түрмөлөрүндө расмий айып тагылбай эле миңдеген адамдар камалып жатканын айтышууда. Укук коргоо уюмдары болсо, Сауд Аравия өкмөтүн радикал исламчылар менен күрөшүүдөбүз деген шылтоо менен саясий туткундары камап жатат деп айыптап келишет.

Сауд Аравия бийликтери бул айыптарды четке кагып, өлкөдө саясий туткундар жок экенин билдирүүдө.

Сауд Аравияда нааразылык акцияларын өткөрүүгө мыйзам тыюу салгандыктан, акциялар көп деле өтпөйт.

XS
SM
MD
LG