Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:10

Казак өкмөт башчылыгына Серик Ахметов көргөзүлдү


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өкмөт башчынын кызматына биринчи вице-премьер-министр Серик Ахметовдун талапкерлигин көргөздү. Парламенттин спикери Нурлан Нигматулин бул тууралуу Твиттердеги баракчасында жазды. Бүгүн эртең менен премьер Карим Масимовдун кабинети отставкага кеткен. Экс-өкмөт башчы ошол эле күнү президенттик администрациянын башчылыгына дайындалды.

54 жаштагы Ахметов вице-премьерликке ушул январда келген. Караганды шаарында туулуп өскөн, кесиби боюнча инженер. Буга чейин президенттин аппаратында, транспорт жана байланыш министри, 2009-2012-жылдары болсо Караганды облусунун акими болуп иштеген.
XS
SM
MD
LG