Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп Эрлан Сапарбаев дайындалды. Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, тиешелүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи буга чейин өкмөт аппаратында, Нарын облустук администрациясында иштеп келген. Анын талапкерлигин парламенттеги “Ар-намыс” фракциясы көрсөткөн.
Каттоо кызматын буга чейин жетектеген Айгүл Рыскулова дайындалгандан бир ай өтпөй иштен кеткен. Рыскуловага чейин бул мекемени “Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Эмил Алиев жетектеген болчу. (KKs)