Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:10

Коалициялык кеңештин жыйыны жабык өтүүдө


Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын атайын кеңешинин жыйыны жабык өтүүдө. Бул маалыматты “Азаттыкка” парламенттин басма сөз кызматы тастыктады. Ага коалицияга кирген КСДП, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракцияларынын лидерлери менен айрым депутаттары катышууда. Буга чейин коалициялык көпчүлүктүн жыйын ачык өтөрүн, анда парламенттеги комитеттердин түзүмү талкууланарын коалиция лидери Феликс Куловго шилтеме кылып айрым маалымат каражаттары жазып чыккан. (KKs)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG