Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:15

“Мен кумса жана мусулманмын” тасмасы көрсөтүлбөй калды


“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестивалында Мароккодогу гомосексуалдар тууралуу баяндаган “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасы көрсөтүлбөй калды. Фестивалдын директору Төлөкан Исмаилова Бишкектеги “Манас” кинотеатрында эл алдында чыгып сүйлөп, соттун чечимин аткарууга аргасыз болушканын, алдыда мындай мыйзамсыз чечимдерге каршы күрөшө турганын билдирди. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, тасманы көрсөтүүгө нааразы болгон топ эл алдында чыгып сүйлөгөнгө аракет кылышты. Бирок аларга уруксат берилген жок.

Нидерландиялык режиссер Крис Беллонинин бул тасмасы мусулман динин туткан кумсалардын жашоосун баяндайт. Бүгүн түшкө чейин Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Бишкектеги Биринчи май райондук соту тасманы Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салды. Буга Дин иштери боюнча комиссиянын тасма диндер арасындагы мамилени козутат деген корутундусу себеп болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG