Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Бүгүн “Жыл мугалими-2012” республикалык сынагы башталат


Иш-чара бүгүн Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназияда ачылат. Сынакка буга чейин ар бир облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында жергиликтүү сынактан утуп чыккан он мугалим катышууда. Мындан тышкары ушул эле сынактын алкагында “Жылдын мыкты мектеби-2012”, “Жылдын мыкты балдар бакчасы-2012” кароосунун да жыйынтыгы чыгып, анда “Мыкты инновациялык мектеп” жана “Мыкты айылдык мектеп” тандалып алынат.

Сынактын жалпы байге фонду - 800 миң сом. Билим берүү жана илим министринин басма сөз катчысы Керез Жукееванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, сынактын жыйынтыгы 4-октябрда, мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай чыгарылат.
Салт боюнча октябрь айынын алгачкы жекшембиси – Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы деп эсептелет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG