Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Жалал-Абад: Ташиевдин жактоочулары чогулууда


Ушул сааттарга карата Жалал-Абад облустук администрациянын алдына 150дөй адам топтолду. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, имараттын алдына үч боз үй тигип алышкан. Маалыматка ылайык, Жалал-Абадга Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүнүн айрым тургундары келе жаткандыгы айтылууда. Коопсуздукка шаардык, облустук милиция, элдик кошуундун мүчөлөрү көз салууда. Митинг болуучу көчөнүн баш аягында жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери турат. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG