Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Жалал-Абадда митингчилер кайрылуу кабыл алышты


Жалал-Абадда камактагы депутаттарды колдоп митингге чыккандар президентке жана Жогорку Кеңешке багытталган кайрылуу кабыл алышты. “Азаттыктын” аймактык кабарчысы маалымдагандай, ал кайрылууда депутат Камчыбек Ташиевдин ишмердүүлүгүн жана эл арасындагы кадыр-баркын эске алып, аны толугу менен бошотуу талабы жазылган. Чогулгандар депутаттар Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун да баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын билдиришүүдө. Митингдин айрым катышуучулары бул талапты аткаруу үчүн бийлик башчыларына убакыт чектөө демилгесин көтөрүшүүдө. Жалал-Абад облустук администрациясынын алдындагы митинг дале уланууда. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG