Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:11

Жалал-Абадда ачкачылык жарыялагандардын саны азайды


Камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып ачкачылык жарыялагандардын саны бүгүн эртең менен 28ге түштү. Бул маалыматты “Азаттыкка” депутат Камчыбек Ташиевди колдоо комитетинин жетекчиси Рашид Сулайманов тастыктады.

Кечээ кечинде ачкачылык жарыялагандардын саны 40ка жеткени кабарланган. Ачкачылык кармагандардын ичинен саламатыгы начарлаганына байланыштуу төрт киши ооруканага жаткырылды. Булардан сырткары кечээ кечинде алты адам амбулаториялык дарыланууга жиберилген. Калгандары бийлик өкүлдөрүнүн кайдыгер мамилесине нааразы болушууда жана камактагы “Ата-Журт” партиясынын мүчөлөрүн бошотуу талабы аткарылмайынча, акцияны уланта берерин айтып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG