Ак үйдүн басма сөз катчысы Жей Карнинин билдиргенине караганда, өзөктүк программасынан улам Иранды обочодо кармоо Вашингтон үчүн “приоритеттүү маселе”. Ак үй өкүлү Тегеран азыр “мурда болуп көрбөгөндөй кысымга кабылганын” кошумчалады.
Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнкү жыйынында Иранга каршы экономикалык санкцияларды күчөткөн. Жаңы санкциялар боюнча Ирандан газ импорттолбойт, ага болот жана алюминий сатууга тыюу салынат.
Евробиримдиктин компанияларына же жарандарына караштуу кемелер Иран өндүргөн мунайды, мунай-химия продуктуларын мындан ары ташый да, сактай да албайт. Иранга кеме курууда керектелүүчү технологияларды берүүгө да тыюу салынат.
Буга чейин Евробиримдик Иранга каршы мунай эмбаргосун киргизген болчу.
Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып өзөктүк курал жасайт деп шек санаса, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн айтып келүүдө. (UE)