Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Баткен: Маңзат ташып кармалгандар көбөйдү


Баткен облусунда маңзат ташып кармалгандар көбөйдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маңзаттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Абдыганы Назаралиев билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда өткөн жылы буга байланыштуу 32 кылмыш иш козголгон болсо, быйыл 39 кылмыш иши ачылды. Былтыр 55 кг маңзат алынса, быйылкы жылда 136 кг алынды. Мыйзамсыз маңзат ташыган 32 киши кармалды, анын алтоо Тажикстандын, бирөө Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Аймака маңзаттардын өзгөчө оор түрлөрү (героин, гашиш) Ооганстандан Тажикстан аркылуу кирет деп айтылып жүрөт. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG