Ракетадан коргонуу боюнча ушул айдын аягында башталып, үч аптага созулуучу машыгууга катышуу үчүн АКШнын жоокерлери кечээтен тарта Израилге келе башташты. Машыгуу Израилдин орто жана узак аралыкка жетүүчү ракеталардан коргонуу жөндөмүн жакшыртуу максатын көздөйт. Бул АКШ - Израиль алакасынын тарыхындагы эң ири аскерий машыгуу болот.
Ага Евробиримдик жана Жер ортолук деңизи боюндагы өлкөлөрдөн эки жарым миңдей жоокер да тартылат.
АКШнын аскерий өкүлдөрү бул машыгуу Ирандын өзөктүк жайларына болочокто ыктымал сокку урууга даярдык эмеспи деген суроолорду комментарийлөөдөн баш тартышты.
Машыгуу үчүн АКШдан Израилге жеткирилген аскерий жабдуулардын арасында Patriot ракеталык системасынын жаңы үлгүсү, баллистикалык ракета менен жабдылган кеме да (Aegis) бар.
Ал эми Израиль аскерлери машыгуу учурунда өлкө өзү куруп жаткан ракетадан коргонуу системасын колдонот. (UE)