Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды


Эки күндөн бери Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу аймагында жааган кардын калыңдыгы 30-40 сантиметрге жеткенине байланыштуу жол кечээ кечки саат 8ден тартып, убактылуу жабылды.

Мамлекеттик жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, жол тайгактан жыла албай калган машинелерден жана кардан тазаланып бүткүчө жабык болот. Басма сөз катчы Кылычбек Мурзалиевдин айтымында, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, тайгак жолго даяр эмес машинелер жылалбай, улам топтолуп отуруп, төө-Ашууга чыга бериште 600дөн ашуун жеңил жана оор жүк ташуучу машине эч жакка жыла албай турат. Алар жол тазалоочу техникалардын иштөөсүнө да мүмкүнчүлүк бербей атышат.

ИИМдин жол-күзөт кызматы коопсуздук үчүн Бишкек-Ош жолун Сосновка бекетинен жана Чычкан капчыгайынан жаап, унаалардын өтүүсүн чектөөгө аргасыз болгонун айтат Кылычбек Мурзалиев. ИИМдин жол-күзөт кызматы айдоочулардан жана жүргүнчүлөрдөн Бишкек-Ош жолу толук ачылганча жолго чыкпай турууну өтүнөт.
Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген жолду тазалоо иштерин Транспорт жана байланыш министрлигинин алдындагы “Бишкек-Ош” дирекциясынын атайын техникалары жүргүзүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG