Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

Базарга арзан баадагы ун чыгарылат


20-октябрдан тарта Кыргызстандын ар аймагына арзан ун таратыла баштайт. Базардагы ундун баасын түшүрүү максатында өкмөт камдаган буудайды ун кылып, базар баасынан ылдый сатууну чечти. 1-сорттогу ундун килограммы 23 сом, ал эми 2-сорттуку 17 сом 50 тыйындан сатылат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Арзандатылган ун Бишкек, Ош, Кант, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Көл, Чолпон-Ата, Балыкчы, Нарын, Талас шаарларындагы соода түйүндөрүндө коюлат жана башка аймактарга таратылат.

Азыр базардагы 1-сорт ундун орточо баасы 26 сом турат. (AKu)

XS
SM
MD
LG