Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Орусия Түндүк Кавказда ири антитеррордук операция өткөрдү


Антитеррордук комитеттин маалыматына караганда, Кабардин-Балкариянын жана Дагестандын аймагында өткөрүлгөн операциянын натыйжасында 49 согушкер жана бандит жок кылынды. Алардын бир нечеси - согушкерлердин лидерлери.

Операцияга Федералдык коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин күчтөрү тартылган.

Түндүк Кавказдагы азыркы операциядан саналуу күн мурда орус президенти Владимир Путин күч органдарынын ишин мактап, алар акыркы айларда 300дөн ашуун согушкерди жок кылганын белгилеген.

Путин ошондой эле күч органдары Түндүк Кавказды калган согушкерлерден жана мыйзамсыз топтордон тазалоо боюнча аракеттерди күчөтүүсү зарылдыгын кошумчалаган. (UE)

XS
SM
MD
LG