Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Бишкекте “Бета Сторес” дүкөндөрүн саперлер тинтүүдө


Ага бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөлөр "Бета Сторес" дүкөнүнө бомба коюлганын, кечки саат беште жарылуу болорун айтып телефон чалышы себеп болду. Бирок телефон чалган адам бул дүкөндүн кайсынысына бомба коюлганын так айтпагандыктан ордо калаадагы үч "Бета Сторес" дүкөнү тең текшерүүгө алынууда. Ушул саатта Бишкектеги Киев, Горький жана Карл-Маркс көчөлөрүндө жайгашкан “Бета Сторес" дүкөндөрүнүн сатып алуучулары жана сатуучулары эшикке чыгарылды. Учурда аталган көчөлөр милиция кызматкерлери жана саперлор тарабынан курчоого алынып, маалымат текшерилүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек ШИИБинин маалымат катчысы Нургүл Нусупова билдирди.

Бишкектеги ири дүкөндөргө бомба коюлганы тууралуу телефон чалуулар буга чейин да бир канча жолу болуп, бирок текшере келгенде анын баары калп болуп чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG