Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Мекеде үчүнчү кыргыз жараны каза тапты


Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашты. 16-октябрда Сауд Аравиясында Меке шаарында зыяратчылардын бири, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну 60 жаштагы Гүлай Сагымбаева каза болду. Маалыматка ылайык, аны машина коюп кеткен. Андан мурдарак Жети-Өгүз районунун тургуну Акимказы Касымалиев боору шишип көз жумган. Кыргызстандыктардын сөөгү туугандарынын макулдугу менен ошол жакта жерге берилди.

Ага чейин дагы бир кыргызстандык, 1939-жылы туулган, Баткен облусунун Кадамжай районунун Ормош айылынын тургуну Иса Жолдошев бир аз сыркоолоп, 14-октябрда көз жумган. Быйыл ажылык сапарга Кыргызстандан 4,5 миңдей зыяратчы кеткен.(КЕ/ZB)

 

XS
SM
MD
LG