“Ата Мекенди коргоо комиссариаты” аттуу топтун коркутуусуна кабылган “Кыргыз концепттин” башкы менеджери тартип коргоо органдарына арыз менен кайрылды. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” билдирди.
23-октябрда Эмил Үмөталиев кичи насыя компанияларынын айланасындагы нааразылыктар боюнча Коомдук каналда чыгып сүйлөп, анда насыя алгандардын жеке жоопкерчилиги жөнүндө сөз козгогон. Кечээ 20-30 чакты адам “Кыргыз концепт” компаниясынын имаратына кирип келишкен. Алар башкы менеджерди курчап алып, коркутуп үркүтүшкөн. Чогулгандар милиция келгенден кийин гана тарап кетишкен.
Маалыматка ылайык, “Ата Мекенди коргоо комиссариаты” делген топ насыя алып, төлөй албай калгандарга көмөк көрсөтүүнү талап кылып келишет. (ZB/KKs)