Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын айрым аксакалдары президент Алмазбек Атамбаевге ачык кат жолдошуп, камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго ырайым берүүнү суранышууда. “Ата Журт” партиясынын төрага орун басары Данияр Жаныкуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, кайрылууга он эки аксакал кол койгон. Аксакалдар камактагы депутаттар саясий катачылык кетирип, кызуу кандуулука алдырып коюшканын айтып, президентти айкөлдүк кылууга чакырган.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев сотко таасир көрсөтүүгө акысы жоктугун, бирок кармалган саясатчыларга карата айыптоо өкүмү чыккан учурда да аларга кечирим берүүгө даяр экенин акыйкатчы Турсунбек Акунга билдирген. (AiT/KKs)