Бириккен улуттар уюмунун атайын иликтөөчүсү Батыш Иордандагы жана Чыгыш Иерусалимдеги келгин жөөттөрдүн конуштары менен иш жүргүзгөн бардык компанияларга бойкот жарыялоого чакырды.
Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына жолдогон катта “басып алынган жерлердеги жөөт конуштары ылдам кеңейүүдө жана Израил мындай тажрыйбаны сындаган БУУнун резолюциясын көзүнө илбейт”, деп белгиледи БУУнун Палестин автономиясындагы адам укуктары боюнча иликтөөчүсү Ричард Фольк.
Билдирүүнү Израилдин БУУдагы миссиясы “жосунсуз калп” деп, Фолькту алмаштырууну сурады. АКШ элчиси Сюзан Райс да рапортту “куру сөзгө” чыгарып, Фольктун үндөөсүн “жоопкерсиздик жана ынангыс иш” деп мүнөздөдү.
Египет, Иран жана башка бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү Ричард Фольктун рапортун “калыс жана бейтарап” деп колдошту.