Анда Байкоочу кеңештердин түзүлгөн күндөн тартып, бүгүнкүгө чейинки ишмердүүлүгү, аткарган иштери, кетирилген кемчиликтери жана келечеги тууралуу сөз болот. Жыйынга экс-президент Роза Отунбаева, президенттин аппаратынан, Жогорку Кеңештен жана өкмөттөн өкүлдөр катышат.
Мамлекеттик органдардын Байкоочу кеңештерин түзүү демилгеси Апрель окуясынан кийин көтөрүлүп, ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен алгачкы Байкоочу кеңештер 2010-жылдын октябрь айынан тартып иштей баштаган. Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Байкоочу кеңештер жылына бир жолу өздөрүнүн иши тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү.
Өткөн жылы транспорт жана байланыш министрлиги менен байкоочу кеңештин ортосунда пикир келишпестиктер болуп, натыйжада Байкоочу кеңеш таркап, кайра түзүлгөн.(ZKo)