Чаткалда өзбек чек арачылары кыргыз тарапка жылып алды делген жерди ушу тушта райондук комиссия текшерип жатат.
Буга чейин жергиликтүү тургундар Өзбекстан Кыргызстандын аймагына 300 метрдей кирип, 200дөй чакырым тилке жана корук убактылуу кайтарылбай калганын айтып парламентке кайрылган болчу.
Чек арачылар шарттын жоктугунан суук түшкөн маалда тозотту айылга көчүрүп келүүгө аргасыз экенин айтууда.
Чаткал чек ара тозоту негизинен Өзбекстан менен чектешкен 220дай чакырым жерди кайтарат. Ала-Букадагы чек ара аскер бөлүгүнүн ордо зардалысы Кыялбек Төлөнбаевдин “Азаттыкка” айтымында, өзбек аскерлери өздөрүнүн туругуна каттаганда Кыргызстандын аймагында совет доорунда курулган көпүрөнү колдонот. Кошуна өлкөнүн чек арачылары жылып алды деген сөздөр ушуга байланыштуу чыгып жатат.
Жазында өзбек чек арачылары Чаткал коругундагы токойчуну кармап кеткен. Ушундан улам токойчулар да баруудан коркуп корук да кайтаруусуз калды. (EBM)