Сирияда козголоңчулар Дамаск-Алеппо жолундагы текшерүү пунктунда куралдуу күчтөрдүн 28 аскерин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Британияда жайгашкан Сириядагы Адам укуктарына байкоо салган уюм билдирди. Анын ырастоосунда, окуя бүгүн Идлиб чөлкөмүндө болгон. Кармашта козголоңчулардын 5 жоокери да окко учту. Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп жаткан көтөрүлүшчүлөр бир нече даана оор техниканы басып алышканы кабарланууда. Илдиб жаатташкан тараптар ортосундагы салгылашуулардын очогуна айланган. Өткөн айдын башында козголоңчулар Дамаск-Алеппо жолундагы Маарет ал-Нуман шаарчасын басып алышкан.