Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Сүт өндүрүүчүлөр мамлекет жетекчилигине кайрылышты


Бул тууралуу Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар биримдигинин төрагасы Сергей Пономарев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Казакстан Кыргызстандан сүт азыктарын алуунун токтоткондон бери сүт өндүрүүчүлөрдүн иши да дээрлик токтоду:

- Ушул тапта сүт өндүрүүчү ишканалар жумасына 2-3 күн эле иштеп атышат. Анткени ички талапты канааттандырууга бул жетет, ал эми Казакстан тыюу салгандан бери сыртка сата албай жатышат. Мындай абалдан чыгуу үчүн мамлекет жетекчилигинин деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүү зарыл деп ойлойбуз, анткени министрлердин деңгээлинде бул маселе чечилбей калды. Ошондуктан президент, премьер-министр, спикер Казакстандын жогорку даражалуу жетекчилерине чыгып, маселени чечиши керек.

Сергей Пономарев убакыттын өтүшү менен Казакстандын сүт базарындагы Кыргызстандын ордун башкалар ээлеп алуусу мүмкүндүгүн белгиледи. Сүт өндүрүүчүлөр тоют кымбат болуп турган чакта сүт берген уйларды четинен союуга туура келерин да айтып жатышат.

Казак өкмөтү 3-октябрдан тартып, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын өз өлкөсүнө сатууга тыюу салган. Казак тарап бул аракетин Кыргызстандагы эпизоотикалык абалга жана ошондой эле Бажы биримдигине мүчө болгондон кийинки айрым жаңы талаптарды кыргыз өкмөтү аткарбай жатканы менен негиздеген эле. (ZKo)

 

XS
SM
MD
LG