Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:20

Бакуда полиция митингге чыккан активисттерди кууп таркатты


Бакуда полиция демонстрациялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү планына нааразылыгын билдирип чыккан активисттерди кууп таркатты. Коомдук палата деген оппозициялык коалициянын 30 чакты мүчөсүн жана колдоочусун кармап кетишти. Азербайжан өкмөтү уруксат берилбеген митингдерге катышуу үчүн айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү караган өзгөртүү киргизүү планын өткөн айда жарыялаган. Айып пулдун так өлчөмү айтылбаганы менен оппозиция түзөтүүгө байланыштуу камтамасын билдирүүдө. Апта башында Amnesty International Азербайжан президенти Илхам Алиевди аны сындагандарды куугунтуктоону токтотууга, жарандардын өз оюн эркин билдирүү, чогулуу, жыйын өткөрүү укуктарын камсыздоого үндөгөн.

XS
SM
MD
LG