Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Дүйнө лидерлери Обаманын жеңишин кубатташууда


Европа Биримдиги Барак Обаманы экинчи президенттик мөөнөткө шайланышы менен куттуктады. Европа комиссиясынын башчысы Жозе Мануэл Баррозо жана биримдиктин төрагасы Херман Ван Ромпөй биргелешкен билдирүүсүндө АКШ лидери менен тыгыз кызматташтык уланаарына ишенишээрин белгилешти. Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Обаманын кайра шайланышын кубаттап, эки тараптуу алакалар мурда болуп көрбөгөндөй өнүккөнүн айтты. Орус Думасы болсо АКШ лидери Москва менен Вашингтондун өз ара мамилелерин жаңы баскычка көтөрүү аракеттерин улантат деп үмүттөнөөрүн билдирди. Ооган президенти Хамид Карзай маалымат катчысы аркылуу Обаманы кошуна Пакистандагы террористтерди жок кылуу аракеттерине жардамдашууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG