Бул тууралуу БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариаты билдирүүдө.
Мекеменин басма сөз катчысы Адриан Эдвардс бүгүн “Азаттык” радиосуна буларды айтты:
- Бизде акыркы 24 саатта Сириядан 11 миңдей адам кеткени, алардын 9 миңи Түркиянын Шанлыурфа провинциясына барганы тууралуу маалымат бар.
Мунун алдында Түркиянын мамлекеттик маалымат каражаттары расмий өкүлдөргө шитеме жасоо менен ушул бейшембиден бери эле Түркияга мекениндеги уруштан качкан кеминде 5000 сириялык ооп келгенин кабарлашкан. Алардын арасында армиянын 26 офицери, анын ичинде эки генералы бар.
Түркиянын “Анадолу” жаңылыктар агенттиги белгилегендей, бул - президент Башар Асаддын режиминен армиянын офицерлери мынчалык көп санда качкан биринчи учур.
Азыркыга чейин Түркия өз аймагында сириялык 112 миңдей качкынга башпаанек берген эле.
БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссариатынын өкүлүнүн айтымында, акыркы бир суткада ооган 11 миң качкынды бир миңи Ливанга, дагы бир миңи Иорданияга барган.
Активисттердин эсебинде, былтыр мартта президент Башар Асаддын режимине каршы козголоң тутангандан бери 30 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)