Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

Маңзат менен күрөшүү башкарма башчысы пара менен кармалды


Маңзаттарды мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү боюнча Түштүк башкармалыгынын башчысы Элдар Кудайбердиев 5 миң АКШ долларын пара катары алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Аны менен кошо башкармалыктын штаттан тышкаркы дагы бир кызматкери Момун Махаматжанов да камалды. Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги алар Ош шаарынын тургунунан ага карата козголгон кылмыш ишин “маңзаттарды мыйзамсыз сатуу” беренесине өзгөртөбүз деп менен коркутуп, 15 миң АКШ долларын талап кылышкан деп белгилөөдө. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат деп маалымдайт УКМКнын басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG