Тажикстандын түштүгүндөгү Хатлон аймагында аскер соту Чек ара кызматынын беш мүчөсүн үчтөн 21 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратты. Эң узак мөөнөттү тажик-ооган чек арасындагы Вакш көзөмөл бекетинин мурдагы жетекчиси Низомиддин Якубов алды. Соттун журналисттерге билдиргенине караганда, тергөөчүлөр мындан мурда Якубовдун үйүнөн 20 килограмм кара куурай таап алган. Ал арада Хатлондо 12 килограмм героин алып бараткан милиция офицери кармалгандыгы кабарланды.