Бүгүн Жогорку Кеңеште депутат Нариман Түлеевдин камалышынын мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын жыйынтыгы талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов билдирди.
Маалыматка ылайык, коррупцияга шектелип Нариман Түлеев июнда камакка алынган соң, парламент депутаттары анын камалышынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн комиссия түзүшкөн. Кийинчирээк комиссияга кошумча убакыт берип, “Ата Журт” фракциясынан депутат Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун териштирүү да тапшырылган. Комиссия алты айдан бери иштеп, жыйынтыгын даярдады.
Нариман Түлеев Бишкек шаарында мэр болуп турган кезде коррупциялык иштерге аралашкан деген айып менен 21-июнда кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагына камалган.
Ал эми депутат Нурлан Сулаймановго транспорт жана коммуникация министри кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 250 млн. сомго чукул зыян келтирген деген айып коюлууда. Сулайманов саламаттыгына байланыштуу чет өлкөдө экени айтылып келет. (BkA)