Президент Ху Цзинтао 2000дей делегат алдында XVIII курултай аяктаганын бүгүн жарыялап жатып, буларга токтолду:
- Биз кабыл алынган чечимдер менен пландар, курултайдын азыркы учурдун негизги жана алыска кетүүчү тарыхый маанини чагылдырган жетишкендиктеринин баары кытай стилиндеги социализмди куруу боюнча улуу ишти жетектөөдө маанилүү роль ойнойт деп ишенебиз.
Компартиянын бул курултайында өлкөнү алдыдагы он жылда башкаруучу жаңы лидерлердин ысымдары ачыкталды.
Мамлекеттик “Синхуа” жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, болочоктогу президент Си Цзинпин, өкмөт башчы Ли Кэцян партиянын 200 адамдан турган Борбордук комитетинин курамына киргизилди.
Ал эми эртең Кытай компартиясынын саясий бюросунун жана анын туруктуу комитетинин жаңы курамы дайындалат.
Болочок президент Си Цзинпин адегенде партиянын баш катчылыгына шайланары күтүлүүдө, ал эми келерки жылдын март айына барып Ху Цзинтаодон президенттикти өткөрүп алат. (UE)