Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Бишкекте эл аралык илимий конференция башталат


Бүгүн Бишкекте Улуу Кыргыз кагандыгынын 1170 жылдыгына карата илимий конференция өтөт. "Кыргыз тарыхы" коомунан кабарлашкандай, Жусуп Баласагын атындагы КУУда өтө турган "Кыргыз кагандыгы түрк цивилизациясынын алкагында: кыргыз таануу маселеси" аталган конференцияда кыргыз тарыхын иликтеп, анын тегерегиндеги маселелер талкууланат. Конференцияга 7 өлкөдөн кыргыз таанууга салым кошкон окумуштуулар катышат.

Конференция эки күнгө созулуп, кыргыз тарыхын изилдөө абалы, аларды окутуунун усулдары боюнча бир катар окумуштуулардын докладдары окулат. (BkA)

XS
SM
MD
LG