Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Кытайда Компартиянын лидери расмий алмашты


Кытай компартиясынын Саясий бюросунун туруктуу комитетинин жаңы мүчөлөрү. Эң биринчи болуп жаңы баш катчы, болочок президенти Си Цзинпин келатат. Бээжин, 15-ноябрь, 2012-жыл.
Кытай компартиясынын Саясий бюросунун туруктуу комитетинин жаңы мүчөлөрү. Эң биринчи болуп жаңы баш катчы, болочок президенти Си Цзинпин келатат. Бээжин, 15-ноябрь, 2012-жыл.
Күтүлгөндөй эле баш катчылыкка бүгүн вице-президент Си Цзинпин дайындалды.

Бээжиндеги басма сөз жыйында сүйлөгөн учурунда ал өлкөнүн жаңы жетекчилиги алдында “эбегейсиз жоопкерчилик” турганын белгиледи:

- Жаңы шарттарда биздин партия абдан олуттуу көйгөйлөргө туш келүүдө. Партиянын ичинде да чечүүнү талап кылган проблемалар бар. Өзгөчө партиянын айрым мүчөлөрү менен кадрлардын коррупцияланып, пара алып, элден ажырып калганы, формалдуулукка, бюрократияга ашыкча басым жасашканы. Муну баары абдан чоң аракет менен чечилүүсү зарыл. Бүткүл партия аларга каршы кыраакы болуш абзел.

59 жаштагы Си Цзинпин эми келерки жылдын март айында Ху Цзинтаодон президенттикти өткөрүп алары күтүлүүдө.

Кытайдын лидерлери ар он жылда бир алмашып турат.

Өлкөнүн эң жогорку жетекчилери кирүүчү Саясий бюронунун туруктуу комитетинин 7 мүчөсүнүн баары алтымыштын ары-бери жагындагылар болот. (UE)

XS
SM
MD
LG