Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:54

“Маймак” аркылуу кызылча ташыла башталды


Таластагы кабарчыбыздын маалымдашынча, ушул тушта “Маймак” бажы бекети аркылуу жергиликтүү дыйкандар кызылчасын “Кайыңды-Кант” заводуна жөнөтүп жатат. Казак тарап бажы тосмону кечээ ачкан экен.

“Маймакка” бүгүн премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев барды. Анда эгер күнүнө 30 вагон кызылча жүктөлүп турса, Таластагы кызылчанын баары 2-3 күндүн ичинде Кайыңда заводуна толугу менен жеткирилери айтылды.

Буга чейин таластык элүү чакты дыйкан казак өкмөтү темир жол чек арасын ачпай, кызылчаларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей жаткандыктан Бишкекте нааразылык акцияга чыккан болчу.

Маймак темир жол станциясы аркылуу кант кызылчасынан тышкары Казакстандан, Орусиядан күйүүчү, майлоочу май, мазут, битум сыяктуу жүктөр ташылып турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG