Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Нарында автокырсыктан 5 адам каза болду


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашкандай, бүгүн кечкурун Нарын облусундагы Кочкор-Жумгал унаа жолунун 212-чакырымында жол кырсыгы катталып, 5 адам мерт кетти. Анда Субара-Ланкастер үлгүсүндөгү жеңил унаа жолдон чыгып, ала салып кеткен. Натыйжада унаадагы 5 киши кырсык болгон жерде каза тапкан.

Азыркы учурда кырсыктан ажал тапкандардын тек-жайы аныкталууда.

Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугу башкармалыгынын маалыматында, быйыл жол кырсыктары көбөйдү. Былтыр тогуз айда 3426 жол кырсыгы катталып, каза тапкандардын саны 713 адам болсо, быйыл ушул эле мезгил аралыгында 3830 кырсык катталды. 716 адам мерт болду, алардын 97си балдар.(BkA)

XS
SM
MD
LG