Мындай сунуш өкмөттүн токтом долбоорунда айтылат. Долбоорду ички эмгек базарын коргоо үчүн Тышкы иштер министрлиги даярдаган.
Ага ылайык, Кыргызстанда дүң жана чекене соода чөйрөсүндө жеке ишкерлик менен алектенген чет элдик жарандардын санына чек коюлуусу керек.
Эгер токтом жактырылса, 2013-жылдын 1-январынан тарта базарларда, чакан базарларда, стационардуу эмес түйүндөрдө (контейнер, павильон) чет элдиктер соода кыла албайт.
Ал эми стационардуу соода борборлор, супер маркеттерде чет элдиктердин саны ал жерлерде иштеген жергиликтүүлөрдүн санынын 10%нан ашпоосу керек.
Бирок жогорудагы эреже чек ара соодасы макамына ээ базаларда эмгектенген чет элдиктерге жайылтылбайт.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2008-2011-жылдардын аралыгында Кыргызстанда жеке ишкерлик менен алектенүүгө орто эсеп менен 2,7 миңден ашуун чет элдик уруксат алган.
Алардын дээрлик 100% Кытайдын жарандары. Бирок байкоочулар ишкерликти же сооданы уруксатсыз эле жүргүзүп жаткан кытай жарандары да бардыгын айтып келишет. (UE)