Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Экс-министр Равшан Сабиров акталды


Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук соту мурунку социалдык өнүктүрүү министри Рашан Сабировду актады. Аны менен кошо айыпталып жаткан жардамчысы Тахир Мирзахмедов күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылды жана үй мүлкүн мамлекеттин карамагына алуу чечими чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Башкы прокуратура Сабировго чет өлкөлүк жарандарга бала асыроого уруксат берүүдө коррупциялык иштерге аралашкан деп айып таккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 5-июлда камакка алган. 25-июлда баш коргоо чарасы өзгөрүп, үй камагына чыккан. Экс-министр менен анын орун басары Гүлнара Дербишевага да ушундай айып менен кылмыш иши козголгон болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG